Жогорку Кеңештин Отун-энергетикалык комплекс, жер казынасын пайдалануу комитети 11-июндагы жыйынында Кыргызстанда уран жана торий кендерине геологиялык изилдөө жүргүзүүгө жана иштетүүгө уруксат берүү боюнча Министрлер кабинети сунуштаган мыйзам долбоорун дароо экинчи жана үчүнчү окууда кабыл алды.
Документке депутаттар Мирлан Самыйкожо, Чыңгыз Айдарбеков жана Сеидбек Атамбаев “каршы” добуш берди. Депутаттар Азизбек Турсунбаев, Марат Мураталиев, Алишер Козуев жана Замирбек Мамасадыков колдоду.
Чыңгыз Айдарбеков бул долбоор менен Кыргызстанда уран жана торийди иштетүүгө да уруксат берилип жатканын айтып, мындай кендерди биринчи геологиялык изилдөөгө гана уруксат берилиши керек экенин айтты.