Жогорку Кеңештин депутаттары 7-октябрда кезексиз жыйынга чогулат. Бул тууралуу «Ата Мекен» партиясынын лидери Жанар Акаев Координациялык кеңештин жыйынында билдирди.
Анын айтымында, эртең парламенттин жаңы төрагасы шайланып, элдик өкмөт түзүлөт.
Белгилей кетсек, бүгүн, 6-октябрда, саат 13:30да Координациялык кеңештин мүчөлөрүнүн маалымат жыйын берүүдө. Координациялык кеңешке «Социал-Демократтар», «Республика», «Ата Мекен», «Бүтүн Кыргызстан», «Бир Бол», «Замандаш» партиялары киргени белгилүү болду.