• Шейшемби 30 Жетинин айы 2021

Жогорку Кеңешке Теңиз Бөлтүрүктү чакыруу сунушу айтылды

29 сентября 2021 в 10:40 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин депутаты Айбек Осмонов Кумтөр Голд Компани ЖАКтын убактылуу тышкы менеджери Теңгиз Бөлтүрүктү Жогорку Кеңештин жыйынына чакырууну сунуштады. Бул тууралуу ал бүгүн, 29-сентябрдагы парламенттин жалпы жыйынында айтты.

«Кумтөрдүн тегерегинде көптөгөн сүйлөшүүлөр жүрүүдө. Мен Теңгиз Бөлтүрүктү жыйынга чакырууну жана кызыктырган суроолорду берүүнү сунуштайм», — деди депутат.

Жана ошондой эле ал спикер Талант Мамытовдон протоколдук тапшырма берүүсүн суранды.

Количество просмотров: 647