• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

ЖРТ тапшырбай калгандарга кечиктирилген тест 13-14-июлда өтөт

5 Теке 2020 9:14 Бишкек Govori.TV

Ар кандай себептер менен Жалпы республикалык тестке белгиленген мөөнөттө катыша албай калгандыктан, кечиктирилген тест өткөрүлөт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, тест 13-14-июлда Бишкек жана Ош шаарларында өткөрүлөт.

Тестке каттоо (кайрадан каттоо) 6-10-июлда төмөнкү даректер боюнча жүргүзүлөт:

Бишкек шаарында — №24 мектеп-гимназиясында. Дареги: Тыныстанов көчөсү, 110.

Ош шаардык билим берүү башкармалыгында (Ош шаары, Сагынбек Супаналиев көчөсү, 308)

Кечиккен тестти 2020-жылы ЖРТга катышпаган абитуриенттер тапшыра алат.

Эгерде абитуриент 2020-жылы каттоодон өтүп, бирок, ар кандай себептер менен тестке катыша албай калган болсо жана анын каттоо номери бар болсо, анда ал аталган жерлерден кайрадан каттоодон өтүүгө тийиш.  Мындай абитуриенттер 3-форманы (тестке кирүү формасын), кабарлоо баракчасын, жана инсанды күбөлөндүргөн документин милдеттүү түрдө алып келиши керек.

2020-жылы жалпы республикалык тесттен четтетилген (дисквалификация болгон) абитуриенттердин каттоодон өтүүгө укугу жок.

Каттоого керектүү болгон документтер:

Каттоо төлөмдөрү төгүлгөндүгүн тастыктаган РСК банктын квитанциясы. Тестке катышуу үчүн каттоо акысы ар бир тест үчүн 370 сомду түзөт;

Инсанды күбөлөндүргөн документ (паспорт же  аскердик күбөлүк); Инсанды күбөлөндүргөн документтери жокторго тестке кирүүгө мүмкүн эмес! Туулгандыгы жөнүндө күбөлүк инсанды күбөлөндүргөн документ болуп саналбайт.

3х4 см өлчөмүндөгү эки бирдей сүрөт;

Мурдагы жылдардын бүтүрүүчүлөрү үчүн орто билим жөнүндө аттестаттын түп нускасы же орто кесиптик билимди тастыктаган дипломдун түп нускасы.

2020-жылдын бүтүрүүчүлөрү мектептен алынып, директордун колу жана мектептин мөөрү басылган маалымкатты (справка) тапшырыш керек. Маалымкатта абитуриенттин сүрөтү чапталып, сүрөттө маалымкатты берген окуу жайды мөөрү басылышы милдеттүү түрдө талап кылынат.

Жогорудагы документтердин бири гана жок болсө каттоо жүргүзүлбөйт!

Абитуриенттин предметтик (бир же бир нече) тестти тандашы тапшыра турган адистигине жараша болот. Предметтик тесттер химия, биология, англис тили, физика, математика, тарых, кыргыз тили жана адабияты, орус тили жана адабияты предметтерин камтыйт. Абитуриенттер өз тандоосу менен тестти кыргыз же орус тилдеринде тапшырса болот.

Бул абитуриенттерге сертификаттар Бишкек шаарындагы ББОУБ кеӊсесинен жана Ош шаарындагы шаардык билим берүү борборунан 2020-жылдын 17-июлунан кийин берилет.

Теги:
Количество просмотров: 143