• Жекшемби 5 Бугу 2024
  • Воскресенье 5 Май 2024

ЖРТнын III этабына каттоо 23-июнга чейин жүрөт

17 Кулжа 2022 14:56 Бишкек Govori.TV

Жалпы республикалык тестирлөөнүн (ЖРТ) III этабына каттоо 15-июндан 23-июнга чейин жүрөт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

Белгиленгендей, 2022-жылы ЖРТга катышпаган абитуриенттер каттоодон өтүп, тест тапшыра алат.

«Эгерде абитуриент 2022-жылы каттоодон өтүп, бирок, ар кандай себептер менен тестке катыша албай калган болсо кайрадан каттоодон өтүүгө тийиш. Мындай абитуриенттер тестке кирүү талонун жана өздүгүн күбөлөндүргөн документин алып келүүгө милдеттүү», — деп айтылат маалыматта.

2022-жылы Жалпы республикалык тесттен четтетилген (дисквалификация болгон) абитуриенттердин каттоодон өтүүгө укугу жок.

ЖРТнын III этабына каттоо (кайрадан каттоо) төмөнкү даректер боюнча жүргүзүлөт:

Бишкек шаарында — №24 мектеп-гимназиясында: Тыныстанов көч., 110;
Ош шаардык билим берүү бөлүмүндө (Ош шаары, Ленин көчөсү).
Тест 24-25-июнь күндөрү Бишкек жана Ош шаарларында өтөт

Количество просмотров: 130