• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Жыл башынан бери 28 миң тоннадан ашык сүт азыктары экспортко чыкты

12 Жетинин айы 202413:16 Бишкек Govori.TV

2024-жылдын 10 айында сүт азыктарын экспорттоонун жалпы көлөмү 28 миң 533,8 тоннаны түздү. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 4 064,1 тоннага көп. 2023-жылдын 10 айында сүт азыктарын экспорттоонун жалпы көлөмү 24 469,7 тоннаны түзгөн.

Анын ичинен:

  • сыр – 1 130,0 тонна;
  • шоро – 119,5 тонна;
  • курут – 3,3 тонна;
  • каймак май – 1 851,8 тонна;
  • балмуздак – 4 476,0 тонна;
  • каймак – 660 тонна;
  • кургак сүт – 816,4 тн.
Количество просмотров: 119