Борбордук шайлоо комиссиясы буга чейин талаш жараткан №8 шайлоо округу боюнча чечим кабыл алды. Бул округдан жеңүүчү катары Жанар Акаев, Улан Примов жана Нуржамал Төрөбекованын таануу боюнча токтом долбооруна БШКнын 11 мүчөсү макул деген добуш берди.
Муну менен буга чейин аймактык шайлоо комиссиясынын чечими жактырылып, бул округдан гендердик квота боюнча алдыга чыкты делген Жылдызкан Жолдошованын кайрылуусу канааттандырылган жок.
Буга чейин аймактык шайлоо комиссиясы 8-округдагы эки тилкеде добуш берүүнүн жыйынтыгын жокко чыгарганы белгилүү болгон. Бирок аймактык шайлоо комиссиянын чечими белгилүү болгон соң алдын ала эсеп боюнча бул округдан гендердик квота менен алдыга чыккан Жылдызкан Жолдошова соңку аракеттерге нааразылыгын айтып чыккан.
Бул күнү БШК талаштуу №9 округ боюнча да шайлоо жыйынтыгын бекитти. Бул округдан буга чейин гендердик квота боюнча шайлоодо алдыга чыкканы кабарланган Ыргал Кадыралиеванын ордуна Жылдыз Эгембердиева депутат катары катталды.