«Үй-бүлөлүк, гендердик жана сексуалдык зомбулуктан сактоо» тууралуу мыйзамга өзгөртүү киргизүү жөнүндө мыйзам долбоорун кароо учурунда депутаттар арасында кайчы пикир жаралды. Аталган мыйзам долбоору 29-майда парламенттин жалпы отурумунда экинчи окууда каралды.
Айрым депутаттар кыргыздын каада-салтына туура келбеген кошумчалар киргизилген деген жүйө менен мыйзам долбоорун колдоодон баш тартышты.