• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Зулушев Казакстан жана Өзбекстандын башкы прокурорлору менен жолугушту

24 Аяк оона 2021 17:05 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандын башкы прокурору Курманкул Зулушев Казакстан жана Өзбекстандын башкы прокурорлору менен жолугушту. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жолугушуу 23-сентябрда Нур-Султан шаарында өткөн КМШга мүчө мамлекеттердин башкы прокурорлорунун Координациялык кеңешинин отурумунун алкагында өткөн.

Зулушев казак кесиптеши Гизат Нурдаулетов менен болгон жолугушуунун жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын прокуратура органдарынын маалымат системасын өркүндөтүү максатында заманбап технологияларды колдонуу жаатында тажрыйба алмашууну жана ишке киргизүүнү улантуу маселелеринде эл аралык кызматташууну активдүүлүгүнүн күчтөнүшүнө көңүл бурушту.

Ошондой эле Өзбекстандын башкы прокурору Н. Йулдашев менен жолугушуу учурунда Кыргыз Республикасынын жана Өзбекстан Республикасынын Башкы прокуратураларынын 2022-2023-жылдарга багытталган эки мамлекеттин прокурордук-тергөө органдарынын кызматкерлеринин кызматташуусун мындан ары өнүктүрүү жана квалификациясын жогорулатуу жөнүндө Программасына кол коюлду.

Количество просмотров: 186