• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

1:0. Кыргызстан — Катар беттешинде эсеп ачылды

25 Жалган куран 202520:37 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 25-мартта 2026-жылкы Дүйнө чемпионатына тандоо оюндарынын үчүнчү баскычтын алкагында Кыргызстандын улуттук курама командасы менен Азиянын учурдагы чемпиону Катар курамасынын футболдук беттешинде эсеп ачылды. Топту атаандаштын дарбазасына Валерий Кичин 46-мүнөттө киргизди. Эсеп 1:0.

Беттеш Бишкектеги Д.Өмүрзаков атындагы стадионунда өтүп жатат, ага миңдеген күйөрмандар келип кыргыз курамасын алга сүрөөдө. Ошондой эле оюнга өлкө башчысы Садыр Жапаров баштаган бийлик өкүлдөрү да келди.

Белгилей кетсек, бул 2025-жылдагы улуттук курама команданын өз үйүндөгү алгачкы беттеши.

Үчүнчү баскычта 18 курама алты командадан турган үч тайпага бөлүнөт. Бул этаптагы оюндардын жыйынтыгы боюнча ар бир тайпадан эң мыкты эки команда 2026-жылкы Дүйнөлүк биринчиликке жолдомо алышат. Төртүнчү квалификациялык раундда Азиядан дагы эки катышуучуну аныкталат жана континенттер аралык плей-офф аркылуу Дүйнөлүк чемпионатка катышуу үчүн дагы бир орун үчүн күрөш жүрөт. Биздин курама команда Иран, Катар, БАЭ, Түндүк Корея жана Өзбекстандын курама командалары менен биргеликте «А» тайпасында жайгашкан.

Эске салсак, 2026-жылкы Дүйнө чемпионатына тандоо турунун экинчи раунду алкагында Кыргыз Республикасынын Улуттук курама командасы тарыхта алгачкы жолу үчүнчү раундга жолдомо камсыздап, 2027-жылкы Азия Кубогуна чыккан.

Теги:
Количество просмотров: 209