• Шейшемби 9 Кулжа 2026
  • Вторник 9 Июнь 2026

Футбол: Кыргызстан-Палестина беттеши тең чыгуу менен аяктады

9 Кулжа 202623:20 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 9-июнда Кыргыз Республикасынын улуттук курама командасы Палестинанын курама командасына каршы экинчи жолдоштук беттеш өткөрдү.

Оюн Бишкек шаарындагы Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өтүп, бул ирет да 0:0 эсебиндеги тең чыгуу менен аяктады.

Буга чейин курама командалар 6-июнда кез келип, ал беттеш голсуз тең чыгуу менен аяктаган.

Ушуну менен Улуттук курама командабыздын июнь айындагы окуу-машыгуу жыйындары жыйынтыкталды. Бул оюндар Кыргызстандын улуттук курама командасынын 2027-жылкы Азия Кубогуна даярдыгынын алкагында уюштурулду.

Белгилей кетсек, беттештерден түшкөн каражаттын бир бөлүгү Палестина элине гуманитардык жардам көрсөтүүгө багытталат.

Количество просмотров: 7