Эртең, 1-июлда түнкүсүн өлкөнүн кээ бир райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.
Аба температурасы:
Чүйдө түнкүсүн +18…+23, күндүз +30…+35,
Талас облусунда түнкүсүн +14…+19, күндүз +29…+34,
Жалал-Абад, Ош Баткен облустарында түнкүсүн +20…+25, күндүз +32…+37,
Ысык-Көл, Нарын облустарында түнкүсүн +11…+16, күндүз +25…+30,
Бишкек шаарында түнкүсүн +21…+23, күндүз +33…+35 градус болот.