• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Кыйын: Кыргыз аялдарынын феномени

14 Теке 202616:15 Бишкек Govori.TV

«GOVORI.TV» мультимедиялык маалыматтык агенттиги медиа айдыңындагы “Кыйын”долбоорунун алкагында тренинг уюштуруп келет. Бул жолу Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынан келген лидер айымдар борбор калаада чогулушту.

Алардын катарында жергиликтүү кеңештин депутаттары, мугалим, жарандык активисттер жана жеке ишкерлер бар.

Бул окутуучу иш-чаранын башкы максаты Кыргызстанда аялдардын саясий-лидерлик сапаттарын өстүрүү жана эксперттик көз караштарын калыптандыруу болуп саналат.

Окутуу тренингинен соң айымдар “Кыйын” ток-шоусуна катышып, көйгөйлүү маселелерди көтөрүштү.

Бүгүнкү эфирде «Кыргыз аялдарынын феномени» деген тема талкууланат.

“Кыйындын” катышуучулары:

  • Гулнара Анарбаева — тарых илимдеринин кандидаты, доцент;
  • Айгүл Орозалиева — Ноокат шаарынын депутаты;
  • Гүлүмкан Байышова — Исанов айылдык кеңешинин депутаты.

Модератор — журналист Даяна Данияр кызы.

Количество просмотров: 11