• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

1-июндан тартып эреже бузгандарды дароо аныктоочу жаңы жабдык иштей баштайт

18 Бугу 20269:33 Бишкек Govori.TV

1-июндан тартып Кыргызстанда жол эрежелерин бузуу фактыларын аныктоочу жаңы автоматташтырылган комплекстер иштей баштайт. Бул тууралуу 16-майда Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы (ЖКККББ) билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, жол эрежесин бузгандарды аныктоочу программалык-аппараттык комплекс сыноодон ийгиликтүү өткөрүлдү. Ал айдоочу белгиленген ылдамдыктан ашырып, коопсуздук курун тагынбай, машина айдап баратып телефон колдонгон, каршы тилкеге чыгып айдаган учурду дароо аныктай алат.

Количество просмотров: 113