• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Ноокенде III даражадагы өзгөчө кырдаал режими киргизилди

14 Теке 202611:01 Бишкек Govori.TV

Ноокен районунда нөшөрлөп жааган жамгырдан улам кооптуу кырдаал жаралып, аймакка III даражадагы өзгөчө кырдаал режими киргизилди. Бул тууралуу ӨКМдин Жалал-Абад облустук башкармалыгы билдирди.

Күн мурун катуу жааган жамгырдын кесепетинен Кочкор-Ата шаарында, Э. Алиев айыл аймагында жанаМомбеков айыл аймагына караштуу Бостон, Курулуш жана Көп-Там айылдарында сел жүргөн.

Сел суулары бир катар турак жайлардын короолорун, мал сарайларын жана соода жайларын каптап, материалдык чыгымдарга учураткан.

«Кырсыктын кесепеттерин ыкчам жоюу жана калыбына келтирүү иштерин натыйжалуу уюштуруу максатында мыйзамга ылайык район аймагында өзгөчө кырдаал режими жарыяланды», — деп айтылат маалыматта.

Учурда Жарандык коргонуу кызматтары жана куткаруучулар тиешелүү техникалар менен жеринде тазалоо иштерин жүргүзүүдө. Президенттин өкүлү Тилек Текебаев кырсык болгон жерде абалга баа берип, тиешелүү чечимдерди кабыл алууда.

ӨКМ өлкө аймагында туруксуз аба ырайы сакталып жаткандыктан, жарандарды коопсуздук эрежелерин так сактоого, расмий маалыматтарга көңүл бурууга чакырат. Кырсык же өзгөчө кырдаал жаралган учурда токтоосуз «112» кызматына чалыңыз.

Количество просмотров: 9