• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

1-июнга карата аба ырайы

31 Бугу 2023 14:58 Бишкек Govori.TV

1-июнга караган түнү Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Ош облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Күндүз Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Чүй облусунун тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +10…+15, күндүз +25…+30,

Талас облусунда түнкүсүн +9…+14, күндүз +24…+29,

Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында түнкүсүн +16…+21, күндүз +24…+29,

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн +6…+11, күндүз +16…+21,

Нарын облусунда түнкүсүн +4…+9, күндүз +16…+26.

Бишкекте күн ачык болот. Абанын температурасы түнкүсүн +13…+15, күндүз +28…+30 градус болот.

Количество просмотров: 142