Эртең, 1-июнда күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт. Түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондорунда кар жаашы мүмкүн, калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн 15…20, күндүз 30…35;
Талас жергесинде түнкүсүн 12…17, күндүз 28…33;
Ош, Баткен, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн 16…22, күндүз 32…37;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 9…14, күндүз 24…29;
Нарын облусунда түнкүсүн 7…12, күндүз 23…28;
Бишкекте түнкүсүн 16…18, күндүзгү жогорку температурасы 33…35 градус болот.