1-класска электрондук каттоо. 50 миңден ашуун бала кабыл алынды
1-класска электрондук каттоо. 50 миңден ашуун бала кабыл алынды
22 Чын куран 2024 13:28 Бишкек Govori.TV
Билим берүү жана илим министрлигинин санариптик трансформация бөлүмүнүн 22-апрелге карата берген маалыматына ылайык республика боюнча 52 миң 816 бала катталды.
Анын ичинен облустар жана шаарлар боюнча:
Ысык- Көл облусу: 5091 (жалпы квота – 13 миң 821)
Жалал-Абад облусу: 10 109 (жалпы квота – 34 миң 778)
Нарын облусу: 3533 (жалпы квота – 7 миң 741)
Баткен облусу: 6229 (жалпы квота – 16 миң 190)
Ош облусу: 10 101 (жалпы квота – 35 миң 785)
Талас облусу: 2937 (жалпы квота – 6 миң 957)
Чүй облусу: 7801 (жалпы квота – 31 миң 474)
Бишкек шаары: 5505 (жалпы квота – 17 миң 908)
Ош шаары: 1510 (жалпы квота – 11 миң 233)
Бишкек шаары боюнча толгон мектептер:
1. №26 француз тилин тереңдетип окутууну камтыган гимназия-комплекси. 2. №70 мектеп-гимназия окуу-тарбиялык комплекси. 3. №29 мектеп-гимназия окуу-тарбиялык комплекси. 4. Гейдар Алиев атындагы № 20 мектеп-гимназия окуу-тарбия комплекси. 5. №13 англис тилин тереңдетип окутууну камтыган мектеп-гимназиясы.