1-апрелден тарта өлкө боюнча балдарды мектепке электрондук каттоо башталды. Бул тууралуу Агартуу министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, каттоонун биринчи этабы саат 10:00дө башталган. Саат 17:30га карата өлкө боюнча 15 626 бала мектепке катталды.
Министрликтен белгилешкендей, биринчи этапта ата-энесинин (мыйзамдуу өкүлүнүн) тиешелүү мектептин микроучастогу боюнча туруктуу каттоосу бар балдар кабыл алынууда.
Эске салсак, быйыл 1-класска 2017, 2018-жылдары (6-7 жаш) төрөлгөн балдар кабыл алынат.