• Дүйшөмбү 20 Бугу 2024
  • Понедельник 20 Май 2024

1-майга карата аба ырайы

30 Чын куран 2024 15:06 Бишкек Govori.TV

1-майда өлкөнүн айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөйт. Бийик тоолуу автожолдордо кар жаап, тоңголок болот. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +4…+9, күндүз +18…+23,

Талас өрөөнүндө түнкүсүн +3…+8, күндүз +15…+20,

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +6…+11, күндүз +16…+21,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +3…+8, күндүз +12…+17,

Нарында түнкүсүн +2…+7, күндүз +10…+15.

Бишкек шаарында түнкүсүн 7…9, күндүз 20…22 градус жылуу болот.

Количество просмотров: 231