• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

1-мартта күтүлгөн аба ырайы

28 Бирдин айы 202514:37 Бишкек Govori.TV

1-мартка караган түнү Чүй, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас, Баткен облустарынын айрым жерлеринде кар жаайт. Күндүз Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаайт, Жалал-Абад облусунун өрөөндөрүндө жана калган аймактарда жаан-чачын жаабайт. Айрым жерлерде туман түшөт.

Абанын температурасы:

Чүйдө түнкүсүн 0…-5, күндүз 2…7

Таласта түнкүсүн -6…-11, күндүз 2…7

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -4…+1, күндүз 6…11

Ысык-Көлдө түнкүсүн -2…-7, күндүз 2…7

Нарын облусунда түнкүсүн -3…-8, күндүз -1…+4

Бишкек шаарында абанын түнкү төмөнкү температурасы -1…-3°, күндүз 3…5° болот.

Количество просмотров: 362