• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

1 МБ болгону 1 сом. Өзбекстанда жүргөндө О! операторунан пайдалуу интернет колдонуңуз

9 Тогуздун айы 2023 15:10 Бишкек Govori.TV

Жакында О! Мобилдик оператору Өзбекстандын UMS жана UzMobile операторлору менен дароо эки макулдашууга кол койду. Бул болсо, О! абоненттери үчүн дагы көбүрөөк мүмкүнчүлүктөргө жол ачылганын түшүндүрөт. Эми абоненттер чет өлкөдө жүргөндө өзүнүн номеринен «1 мегабайт — 1 сом» тарифи боюнча супер пайдалуу интернет колдоно алышмакчы.

Башка өлкөгө барганда жок дегенде жакындарыңызга кабар берүү, такси чакыруу же кайда жүргөнүңүздү билиш  үчүн картаны ачуу зарылдыгы келип чыгат. Жакшы билбеген чет өлкөдө жаңы байланыш операторун же Wi-Fi түйүнүн издеп убара болбош үчүн Россия, Казакстан, Өзбекстан, Түркия, Кытай, Сауд Аравиясы, Таиланд, Вьетнам, Армения, Грузия, Беларусь, Испания, Бельгия, Дания, Люксембург, Кувейт, Катар сыяктуу өлкөлөргө сапарга чыгардын алдында ыңгайлуу сервисти кошуп алууну сунуштайбыз.

Кошуу буйрутмасы акысыз *997#

Көбүрөөк үнөмдөш үчүн интернет-топтомдордун бирин кошуп алыңыз:



Интернет-топтомдун кандай көлөмүн тандаса болот?

1 МБ интернет болжол менен 50 билдирүү жазганга же мессенджерден 2 мүнөттөй сүйлөшкөнгө жете турганын эсепке алыңыз. Алдын ала мобилдик маалыматтардан тиркемелердин автоматтык жаңылануусун өчүрүп коюңуз, антпесе смартфонуңуз өз алдынча интернетке кирип, аларды жаңылай бериши мүмкүн.

Чет өлкөдө жардамчы

Саякатка чыккандардын ыңгайлуулугу үчүн баланста каражат калбай калган учурда жардамы тие турган пайдалуу буйрутмалар иштейт. Бул жерден жакындарыңызга жетип алганыңыз жана бардыгы жайында экендиги жөнүндө кантип кабар бере турганыңызды биле аласыз. 996 705 700 700 WhatsApp номери боюнча О! түйүнүнүн күнү-түнү иштөөчү онлайн-колдоосу жеткиликтүү.

Топтомдордун баасы КНС жана СС эсепке алуу менен көрсөтүлгөн. Кошумча маалымат менен o.kg сайтындагы «Интернет-роуминг» бөлүмүнөн таанышып чыксаңыз болот.

«НУР Телеком» ЖЧКсынын КР МБТМК караштуу МБА №16-0062-КР, №16-0063-КР лицензиялары.

Материал жарнамалык негизде чыгарылды.

Количество просмотров: 70