1-октябрда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда жаан, тоолуу райондордо кар жаайт. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн 2…7, күндүз 11…16;
Талас жергесинде түнкүсүн 0…5, күндүз 11…16;
Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн 9…14, күндүз 17…22;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 3…8, күндүз 10…15;
Нарын облусунда жана бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -4…-9, күндүз -1…+4.
Бишкекте түнкүсүн жаан жаайт, күндүз да жаашы ыктымал. Абанын температурасы түнкүсүн 5…7, күндүз 13…15 градус болот.