• Жекшемби 5 Бугу 2024
  • Воскресенье 5 Май 2024

1-октябрга карата аба ырайы

30 Аяк оона 2021 14:03 Бишкек Govori.TV

1-октябрда күндүз Чүй, Ысык-Көл облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас, Ош, Жалал-Абад, Нарын облустарынын айрым райондорунда жаан, Баткен облусунун тоолуу райондорунда кар жаайт. Түнкүсүн Чүй, Талас облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым аймактарында, Жалал-Абад облусунун тоолуу райондорунда жаан жаайт. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр, айрым райондордо 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +6…+11, күндүз +12…+17;

Талас облусунда түнкүсүн +3…+8, күндүз +11…+16;

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн +10…+15, күндүз +20…+25;

Ысык-Көлдө түнкүсүн +5…+10, күндүз +14…+19;

Нарында түнкүсүн +3…+8, күндүз +13…+18.

Бишкекте түнкүсүн +8…+10°,күндүз +14…+16°.

Количество просмотров: 234