Бишкектин Биринчи май райондук соту 13-июлда журналист Алтынай Арстанбекова өкүм чыгарды. Бул тууралуу анын адвокаты Бакыт Автандил Фейсбуктагы баракчасы аркылуу кабарлады.
Анын айтымында, сот журналистти Кылмыш-жаза кодексинин 332-беренесинин 1-бөлүгү – «Экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу» боюнча айыптоого негиз жок деп таап, актады. Сот ушул эле кодекстин 327-беренеси – “Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырыктар” боюнча айыптуу деп таап, Арстанбековага 100 миң сом айып пул салды.
Өкүм жарыяланган соң Алтынай Арстанбекова сот залынан бошотулду.