1-сентябрда түнкүсүн Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде, Ош облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Калган аймактарда жаан жаабайт.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн 11…16, күндүз 27…32;
Талас жергесинде түнкүсүн 8…13, күндүз 25…30;
Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн 15…20, күндүз 29…34;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 8…13, күндүз 20…25;
Нарын облусунда түнкүсүн 4…9, күндүз 20…25;
Бийик тоолордо түнкүсүн -1…-6, күндүз 13…18 градус жылуу болот.
Бишкек шаарында жаан жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 14…16°, күндүз 30…32° жылуу болот.