• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

10-апрелде күтүлгөн аба ырайы

9 Чын куран 202517:53 Бишкек Govori.TV

10-апрелде түнкүсүн Ош, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаайт.. Ош, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаайт. Күндүз Ош, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондордо карга айланат.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +6…+11, күндүз +21…+26;

Талас өрөөнүндө түнкүсүн +3…+8, күндүз +21…+26;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +7…+12, күндүз +21…+26;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +2…+7, күндүз +13…+18;

Нарын облусунда түнкүсүн 0…+5, күндүз +17…+22.

Бишкек шаарында абанын температурасы түнкүсүн 8…10°, күндүз 23…25° жылуу болот.

Количество просмотров: 323