• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

10-октябрда кандай аба ырайы болот?

9 Тогуздун айы 202514:41 Бишкек Govori.TV

10-октябрда түнкүсүн жана эртең менен Ош облусунун айрым жерлеринде жаан, тоолуу райондорунда кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын болбойт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 2…7, күндүз 16…21;

Таласта түнкүсүн -1…+4, күндүз 15…20;

Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында ​түнкүсүн 8…13, күндүз 20…25;

Ысык-Көлдө түнкүсүн 2…7, күндүз 14…19;

Нарында түнкүсүн -3…+2, күндүз 14…19 градус болот.

Бишкек шаарында түнкүсүн 5…7°, күндүз 18…20° болот.

Количество просмотров: 188