• Шаршемби 1 Бугу 2024
  • Среда 1 Май 2024

11-августта кандай аба ырайы күтүлөт?

10 Баш оона 2023 16:12 Бишкек Govori.TV

11-августта түнкүсүн Чүй, Ысык-Көл облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт.

Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй облусунун айрым жерлеринде, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Талас, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 17…22, күндүз 29…34;

Талас өрөөнүндө түнкүсүн 12…17, күндүз 26…31;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 18…23, күндүз 31…36;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 12…17, күндүз 24…29;

Нарын облусунда түнкүсүн 8…13, күндүз 22…27 градус жылыйт.

Бишкек шаарында жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 20…22, күндүз 31…33 градус ысык болот.

Количество просмотров: 209