• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

11-декабрда күтүлгөн аба ырайы

10 Бештин айы 202415:11 Бишкек Govori.TV

11-декабрда түнкүсүн Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз жаан-чачын жаабайт. Айрым жерлерде туман түшөт. Жолдор тоңголок жана тайгак болот.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -10…-15, күндүз 0…-5;

Талас өрөөнүндө түнкүсүн -11…-16, күндүз -4…+1;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -9…-14, күндүз -4…+1;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -10…-15, күндүз 0…-5;

Нарын облусунда түнкүсүн -17…-22, күндүз -5…-10.

Бишкек шаарында абанын температурасы түнкүсүн -13…-15°, күндүз -1…-3° суук болот.

Количество просмотров: 829