Кыргызстандыктар жылдын толгон айларынын бири болгон «Кулпунай айды» көрө алышат.
Асманда кулпунайлуу ай 11-июнга караган түнү пайда болуп, күн бою уланат. Бишкектин үстүндө айдын туу чокусу 11-июнда саат 13:44тө болот.
2025-жылдагы бул кубулуштун өзгөчөлүгү, ал акыркы 186 жылдагы эң төмөнкү толук ай болуп калат жана 2043-жылга чейин ошол бойдон кала берет. Ай визуалдык түрдө демейдегиден чоңураак көрүнөт. Атмосфералык кубулуштардан улам ал алтын же кызгылт түскө ээ боло алат.
Бул толгон ай Түндүк Американын түпкү элдеринин кулпунай терүү мезгилине дал келгендиктен Кулпунай айы деп аталып калган.