• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

12:00гө карата жалпы шайлоочулардын 12,07%ы добуш берди

30 Жетинин айы 202512:36 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 30-ноябрда Кыргызстанда жана өлкөдөн тышкаркы аймактарда Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо өтүүдө.

Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына ылайык, саат 12:00гө карата жалпы шайлоочулардын 12,07%ды түздү. Атап айтканда 518 миң 473 жаран атуулдук милдетин аткарды.

Белгилей кетсек, Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо 30 көп мандаттуу округ боюнча 460 кандидат ат салышууда. Алардын 271и — эркек, 189у — аял талапкерлер.

Количество просмотров: 53