• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Шайлоо: БШК 12 округ боюнча чечим чыгарды

7 Бештин айы 202514:03 Бишкек Govori.TV

Борбордук шайлоо комиссиясы 7-декабрдагы отурумунда дагы 12 шайлоо округундагы добуш берүүнүн жыйынтыгын таанып, жеңүүчү талапкерлерди бекитти.

  • №2 шайлоо округунан талапкерлер Ырысбек Атажанов (13 791 добуш), Бактыяр Калпаев (6 981 добуш) жана Бурун Аманова (5 078) добуш менен жеңүүчү талапкер деп таанылды.
  • №5 шайлоо округу боюнча жеңүүчү деп таанылгандар: Элдар Сулайманов (18 789), Азамат Исираилов (9 248) Айгүл Ахмедова (5 225)
  • №10 шайлоо округунан Курманкул Зулушев (14 688), Сүйүн Өмүрзаков (7637), Гүлнара Баатырова (3 506) шайланды деп табылды.
  • №11 шайлоо округу боюнча жеңүүчү деп Шаирбек Ташиев (24 302), Алтынбек Кылычбаев (7 миң 447) жана Венера Салямова (4 839) таанылды.
  • №15 шайлоо округунан талапкерлер Нурланбек Тургунбек уулу (17 125), Азизбек Турсунбаев (10 713) жана Айсаракан Абдибаева (3 988) жеңди деп бекитилди.
  • №20 шайлоо округунан Темирлан Айтиев (9 021), Сеидбек Атамбаев (3 825) жана Токтобүбү Ашымбаева (1 249) жеңүүчү талапкерлер деп таанылды.
  • №22 шайлоо округунан шайланды деп табылгандар: Дастан Бекешев (17 378), Болот Ибрагимов (8 128) жана Гуля Кожокулова (1 214)
  • №24 округунан жеңүүчү деп аныкталгандар: Улукбек Карыбек уулу (6 038), Жумабек Салымбеков (7 481) жана Гүлнара Акимбаева (3 505).
  • №27 шайлоо округу боюнча Акылбек Түмөнбаев (13 495), Табылды Муратбеков (5 992) жана Гүлкан Молдобекова (5 156) уткан талапкерлер болду.
  • №29 округдан Нурбек Сыдыгалиев (13 067), Адилет Белеков (9 535) жана Гүлсүнкан Жунушалиева (6 688) жеңүүчү деп табылды.
  • №28 шайлоо округунан Көкүлөв Эрулан (11 619), Болот Сагынаев (9 254) жана Рахат Жунушбаева (6 724) утту деп аныкталды.
  • №30 шайлоо округу боюнча Кубанычбек Самаков (13 333), Улан Бакасов (11 411) жана Жылдыз Таалайбек кызы (7 243) жеңди деп таанылды.

Борбордук шайлоо комиссиясы буга чейин 5-декабрда №16 шайлоо округу боюнча жыйынтыкты таанып, жеңүүчүлөрдү бекиткен. Ошону менен жалпы 13 округ боюнча жыйынтык кабыл алынды. 

Количество просмотров: 893