«Кыргызгидромет» борбору 12-декабрда Кыргызстандын аймагында жаан-чачын жаабай турганын билдирет. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда туман түшөт.
Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -9…-14, күндүз 0…-5;
Талас жергесинде түнкүсүн -9…-14, күндүз -4…+1;
Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн -2…-7, күндүз 1…6;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -3…-8, күндүз -1…+3;
Нарын облусунда түнкүсүн -15…-20, күндүз -2…-7;
Бийик тоолордо түнкүсүн -20…-30, күндүз -8…-13 градус болот.
12-декабрда Бишкек шаарында жаан жаабайт. Түнкүсүн жана эртең менен туман түшөт. Абанын түнкү төмөнкү температурасы -11…-13°, күндүзгү жогорку температурасы -2…-4° болот.