Эртең, 12-декабрда өлкөнүн көпчүлүк аймактарында мезгил-мезгили менен кар жаайт. Жолдорго муз тоңот. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -12…-17, күндүз -10…-15,
Талас облусунда түнкүсүн -13…-18, күндүз -10…-15,
Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн -4…+1, күндүз 0…-5,
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -5…-10, күндүз -2…-7,
Нарын облусунда түнкүсүн -6…-11, күндүз -3…-8.
Бишкек шаарында маал-маалы менен кар жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн -12…-14, күндүз -11…-13 градус болот.