Эртең, 12-июлда түнкүсүн Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Чүй облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт. Талас жана Чүй облустарынын өрөөн зонасында жаан-чачын болбойт.
Эртең менен жана күндүз Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарыда, Чүй, Талас облустарынын айрым жерлеринде мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт. Ош облусунун кээ бир райондорунда, жаан-чачын катуу жаайт, деп билдирди Кыргызгидромет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда
түнкүсүн +16…+21
күндүз +29…+34
Талас облусунда
түнкүсүн +11…+16
күндүз+27…+32
Баткен облусунда
түнкүсүн +17…+22
күндүз +27…+31
Ош, Жалал-Абад облустарында
түнкүсүн +17…+22
күндүз +27…+32
Ысык-Көл облусунда
түнкүсүн +11…+16
күндүз +21…+26
Нарын облусунда
түнкүсүн +9…+14
күндүз +21…+26
Бишкек шаарында жаан жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн +19…+21 градус, күндүз +30…+32 градус болот.