• Шейшемби 14 Бугу 2024
  • Вторник 14 Май 2024

12-сентябрда күтүлгөн аба ырайы

11 Аяк оона 2022 15:35 Бишкек Govori.TV

Кыргызгидромет борборунун маалыматы боюнча, эртен, 12-сентябрда түнкүсүн Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Чүй облусунун тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт.

Күндүз Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарында айрым жерлеринде өтүн өтүп, күн күркүрөйт.

Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +8…+13, күндүз +20…+25,

Талас облусунда түнкүсүн +0…+5, күндүз +17…+22,

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн +12…+17, күндүз +21…+26,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +5…+10, күндүз +18…+23,

Нарында түнкүсүн +7…+12, күндүз +20…+25,

Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +10…+12, күндүз +23…+25 градус болот.

Количество просмотров: 410