• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Манас шаарында спорт сарай курулууда

14 Теке 202617:34 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасынын негизинде Курулуш министрлигине караштуу»Кыргызкурулуш» мамлекеттик ишканасы Манас шаарында заманбап спорт сарайын куруп жатат.

Министрликтин маалыматына ылайык, долбоордун жалпы аянты 2,5 гектарды түзөт. Спорт комплексинин курамында 5200 көрүүчүгө ылайыкташкан футбол талаасы, VIP-трибуна, төрт кабаттуу административдик имарат, эл аралык стандарттарга жооп берген бассейн, машыгуу аянтчалары, медициналык пункт, коомдук тамактануу жайлары жана унаа токтотуучу жай каралган.

Учурда курулуш иштери уланууда. Объектте 92 жумушчу эмгектенүүдө.

Белгиленгендей, курулуш-монтаж иштери алгач Манас шаарынын мэриясы тарабынан башталган.

2026-жылдын март айында президенттин тапшырмасы менен долбоорду ишке ашыруу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине өткөрүлүп берилген.

Количество просмотров: 10