• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

13-апрелге карата аба ырайы

12 Чын куран 2024 13:54 Бишкек Govori.TV

13-апрелге караган түнү Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Нарын облусунун айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөйт. Калган аймактарда жаан-чачын болбойт.

Күндүз Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан жаайт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +6…+11, күндүз +18… +23,

Талас жергесинде түнкүсүн +2…+7, күндүз +18…+23,

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +8… +13, күндүз +22…+27,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +2… +7, күндүз +14…+19,

Нарын өрөөнүндө түнкүсүн 9…+5, күндүз + 16…+21.

Бишкекте түнкүсүн +7…+9, күндүз, +20…+22 градус болот.

Количество просмотров: 436