• Бейшемби 2 Бугу 2024
  • Четверг 2 Май 2024

13-декабрга карата күтүлгөн аба ырайы

12 Бештин айы 2023 15:36 Бишкек Govori.TV

13-декабрга караган түнү Ош, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде кар жаайт.

Күндүз Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде, Ош облусунун тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -20…-25, күндүз -12…-17,

Талас облусунда түнкүсүн -22…-27, күндүз -10…-15,

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн -7…-12, күндүз -3…-8,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -14…-19, күндүз -4…-9,

Нарын облусунда түнкүсүн -13…-18, күндүз -11…-16.

Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Түнкүсүн жана эртең менен туман түшүшү мүмкүн. Абанын түнкү төмөнкү температурасы -22…-24, күндүз -14…-16° суук болушу күтүлөт.

Количество просмотров: 1071