13-февралда Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас, Нарын облустарынын айрым жерлеринде кар жаайт. Айрым аймактарды туман түшүп, жолдор тоңголок жана тайгак болот.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 0…-5, күндүз 1…6;
Талас өрөөнүндө түнкүсүн -2…-7, күндүз 0…5;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -4…+1, күндүз 1…6;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -4…-9, күндүз 2…7;
Нарын облусунда түнкүсүн -18…-23, күндүз -5…-10 градус суук болот.
Бишкекте абанын температурасы түнкүсүн 0…-2° суук, күндүз 2…4° жылуу болот.