• Ишенби 4 Бугу 2024
  • Суббота 4 Май 2024

13-мартта күтүлгөн аба ырайы

12 Жалган куран 2024 14:31 Бишкек Govori.TV

Эртең, 13-мартта түнкүсүн Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Нарын облусунун айрым жерлеринде, тоолуу райондордо жаан, кар жаайт.

Күндүз көпчүлүк аймактарда жаан, кар, тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн -2…+3, күндүз -1…+4,

Талас өрөөнүндө түнкүсүн -4…+1, күндүз -3…+2,

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 0…+5, күндүз +2…+7,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -1…-6, күндүз -1…+4,

Нарын облусунда түнкүсүн -4…-9, күндүз -4…+1.

Бишкек шаарында мезгил-мезгили менен жаан, кар жаашы мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн 0…+2, күндүз +2…+4 градус.

Количество просмотров: 340