• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

134 млн. сомдук жер мамлекетке өттү

27 Баш оона 202410:57 Бишкек Govori.TV

Чүй облусуна караштуу Жайыл районундагы 134 млн. 73 миң 600 сомдук жер мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди.

Маалыматка ылайык, 375 гектарлык “Дан” жер тилкеси мамлекеттик ишканага таандык болгон. Аталган жер 2005-жылы алгач жергиликтүү бийликке өтүп, андан кийин жеке тараптарга берилип кеткен. Текшерүүнүн жүрүшүндө акт түзүлүп, андан соң мамлекеттин балансына кайтарылган.

Количество просмотров: 136