• Бейшемби 2 Бугу 2024
  • Четверг 2 Май 2024

14-декабрга карата аба ырайы

13 Бештин айы 2023 14:35 Бишкек Govori.TV

Эртең, 14-декабрда түнкүсүн жаан-чачын жаабайт. Күндүз Ош облусунун тоолуу райондорунда кар жаайт, Ош облусунун дыйканчылык аймактарда жана калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүйдө түнкүсүн -20…-25, күндүз -8…-13;

Таласта түнкүсүн -20…-25, күндүз -6…-11;

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн -7…-12, күндүз -3…+2;

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн -12…-17, күндүз -1…-6;

Нарын облусунда түнкүсүн -19…-24, күндүз -7…-12;

Бишкекте жаан-чачын болбойт. Түнкүсүн жана эртең менен туман түшүшү мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн -20…-22°, күндүз -8…-10° болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Количество просмотров: 396