• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

14-июнда күтүлгөн аба ырайы

13 Кулжа 202414:58 Бишкек Govori.TV

14-июнда күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Чүй, Ош облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтөт.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +11…+16, күндүз +26…+31,

Талас өрөөнүндө түнкүсүн +9…+14, күндүз +24…+29,

Баткенде түнкүсүн +15…+20, күндүз +33…+37,

Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +16…+21, күндүз +31…+36,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +8…+13, күндүз +20…+25,

Нарын облусунда түнкүсүн +6…+11, күндүз +20…+25.

Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр, күндүз 14 метрге чейин жетет. Абанын температурасы түнкүсүн +13…+15, күндүз +27…+29 градус ысык.

Количество просмотров: 238