14-мартта көпчүлүк аймактарда жаан, кар жаайт. Жолдор тоңголок жана тайгак болот.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн-1…-6, күндүз 1…6;
Талас өрөөнүндө түнкүсүн -3…-8, күндүз -3…+2;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -2…+3, күндүз 3…8;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -2…-7, күндүз -1…+4;
Нарын облусунда түнкүсүн -8…-13, күндүз -2…-7.
Бишкек шаарында түнкүсүн бир аз кар жаашы мүмкүн, күндүз мезгил-мезгили менен жаан, кар жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн -2…-4° суук, күндүз 2…4° жылуу болот.