14-мартта түнкүсүн өлкөнүн аймагында жаан-чачын болбойт. Ал эми күндүз Ысык-Көл облусунун тоолуу райондорунда кар жаашы мүмкүн. Тоолуу райондордогу унаа жолдордо кар күрткү түшүшү ыктымал.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн 0…+5, күндүз +16…+21
Таласта түнкүсүн -2…+3, күндүз +14…+19
Баткен облусунда түнкүсүн +1…+6, күндүз +15…+20
Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +2…+7, күндүз +16…+21
Ысык-Көлдө түнкүсүн -1…-6, күндүз +6…+11
Нарында түнкүсүн -4…-9, күндүз +5…+10
Бишкек шаарында түнкүсүн 0…+2°, күндүз +18…+20° болот.