14-ноябрда түнкүсүн Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн -1…-6, күндүз 0…5;
Талас облусуна түнкүсүн -2…-7, күндүз 0…5;
Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -1…+4, күндүз 3…8;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -4…+1, күндүз 3…8;
Нарын облусунда түнкүсүн 0…-5, күндүз 2…7;
Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -8…-13, күндүз -3…+2 градус болот.
Бишкекте түнкүсүн -1…-3, күндүз 3…5 градус болот.