• Жума 17 Бугу 2024
  • Пятница 17 Май 2024

14-сентябрга карата күтүлгөн аба ырайы

13 Аяк оона 2023 14:59 Бишкек Govori.TV

Кыргызгидромет билдиргендей, 14-сентябрда Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөйт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +10…+15, күндүз +21…+26,

Талас өрөөнүндө түнкүсүн +5…+10, күндүз +19…+24,

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +10…+15, күндүз +25…+30,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +9…+14, күндүз +20…+25,

Нарын облусунда түнкүсүн +7…+12, күндүз +21…+26.

Бишкек шаарында түнкүсүн жана күндүз жаан жаабайт, кечке маал өткүн өтүшү мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн +13…+15, күндүз +23…+25 градус болот.

Количество просмотров: 194