• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

15-июнда күтүлгөн аба ырайы

14 Кулжа 202413:21 Бишкек Govori.TV

15-июнда күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Ош, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Чүй, Талас, Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 13…18, күндүз 29…34;

Талас өрөөнүндө түнкүсүн 10…15, күндүз 26…31;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 17…22, күндүз 31…36;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 8…13, күндүз 21…26;

Нарын облусунда түнкүсүн 6…11, күндүз 21…26 градус жылыйт.

Бишкекте жаан-чачын жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 15…17°, күндүз 30…32° ысык болот.

Количество просмотров: 232